Ноокатта 59 жаштагы медкызматкер коронавирустан көз жумду

3 июль 2020 14:12 1454 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ноокатта медкызматкер коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип «Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, 59 жаштагы кызматкер Ноокат аймактык ооруканасында көз жумду.

 «Экөө ооруканага оор абалда түшүп, эки-үч күндөй жатышты. Өпкөсү иштен чыгып, түнкү саат эки чамасында каза болду. Ал (медайым) райондук ооруканада иштеген эмес. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда медайым болгон», - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бир сутка ичинде өлкө боюнча 73 медициналык кызматкерге коронавирус жукту. 20 медкызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 менен медициналык кызматкерлер арасында – 994 учур катталды, алардын ичинен 484 медкызматкер стационарлардан айыгып, 4ө каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/nookatta-59-zhashtagy-medkyzmatker-koronavirustan-kz-zhumdu



Добавить комментарий