Ноокатта 4 жашар бала 2-кабаттан кулап түштү

14 июнь 2022 12:09 2428 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун Ноокат районунда бала бакчанын терезесинен төрт жашар бала түшүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 13-июнь күнү саат 12:30 чамасында, Ноокат шаарында болгон.

"Ноокат шаарынын М.Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан “Саламат” балдар бакчасынын терезесинен жаш бала түшүп кеткендиги кабарлаган.
13-июнь күнү Ноокат шаарынын М.Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан “Саламат” балдар бакчасына Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылынын тургуну 25 жаштагы Б. Т саат 11:10 чамасында өзүнүн 4 жашар Ө. И аттуу баласын биринчи жолу балдар бакчасына алып келген. Ал баласын балдар бакчасынын директоруна тапшырып кеткен. Ал эми жаш өспүрүм болжол менен саат 11:40 чамасында  балдар бакчасынын экинчи кабатынын терезесине чыгып,  көчө тарапка асылып калган. Жаш өспүрүмдү Ноокат районунун 67 жаштагы тургуну тосуп калууга үлгүргөн.
Бул окуя боюнча жаш өспүрүм Ө.Иге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышып,  окуя боюнча “Саламат”  балдар бакчасынын кызматкерлерине арыз доосу жок экендигин билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан", - деп айтылат маалыматта.

Маалымдай кетсек, "Саламат”  балдар бакчасы 2020-жылдан тартып иштеп келет. Бала бакча Ноокат шаардык мэриясына караштуу.

Аталган иштин алкагында “Саламат”  балдар бакчасы боюнча тийиштүү мекеме ишканаларга  каттар берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Ссылка: https://barometr.kg/nookatta-4-zhashar-bala-2-kabattan-kulap-tsht



Добавить комментарий