Ноокатта 4 жашар бала 2-кабаттан кулап түштү
Ош облусунун Ноокат районунда бала бакчанын терезесинен төрт жашар бала түшүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя 13-июнь күнү саат 12:30 чамасында, Ноокат шаарында болгон.
"Ноокат шаарынын М.Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан “Саламат” балдар бакчасынын терезесинен жаш бала түшүп кеткендиги кабарлаган.
13-июнь күнү Ноокат шаарынын М.Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан “Саламат” балдар бакчасына Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылынын тургуну 25 жаштагы Б. Т саат 11:10 чамасында өзүнүн 4 жашар Ө. И аттуу баласын биринчи жолу балдар бакчасына алып келген. Ал баласын балдар бакчасынын директоруна тапшырып кеткен. Ал эми жаш өспүрүм болжол менен саат 11:40 чамасында балдар бакчасынын экинчи кабатынын терезесине чыгып, көчө тарапка асылып калган. Жаш өспүрүмдү Ноокат районунун 67 жаштагы тургуну тосуп калууга үлгүргөн.
Бул окуя боюнча жаш өспүрүм Ө.Иге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышып, окуя боюнча “Саламат” балдар бакчасынын кызматкерлерине арыз доосу жок экендигин билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан", - деп айтылат маалыматта.
Маалымдай кетсек, "Саламат” балдар бакчасы 2020-жылдан тартып иштеп келет. Бала бакча Ноокат шаардык мэриясына караштуу.
Аталган иштин алкагында “Саламат” балдар бакчасы боюнча тийиштүү мекеме ишканаларга каттар берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
Ссылка: https://barometr.kg/nookatta-4-zhashar-bala-2-kabattan-kulap-tsht
Добавить комментарий ×