Ноокат районунда жаңы көпүрө пайдаланууга берилди (Сүрөт)
Ноокат районунун Беш-Буркан айылындагы Ак-Сай сел өтүүчү сайына жаңы көпүрө салынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 22-июлда Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш-Буркан айылындагы Ак-Сай сел өтүүчү сайына КР ӨКМ тарабынан курулган көпүрөнүн ачылышы болду. Ага Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров, Жогорку кеңештин депутаттары Зияиддин Жамалдинов, Махабат Мавлянова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдын тургундары катышты.
“Көпүрө боюнча кемчилдиктер болсо азыр айтыңыздар, биздин кызматкерлер бир жумада талабыңыздарды аткарат.”, - деди Аскаров.
Айта кетсек, буга чейин айылдын элдери өз алдынча каражат топтоп көпүрө куруп келген, тилекке каршы сапаты начар болгондуктан катуу жааган жамгырдан улам сел алып кеткен. Ошондой эле мектеп окуучуларын агызып кеткен учурлар катталган.
Ссылка: https://barometr.kg/nookat-rajonunda-zhay-kpr-pajdalanuuga-berildi
Добавить комментарий ×