Ноокат районуна дагы өзгөчө кырдаал киргизилип, карантин жарыяланышы ыктымал
Бөлүшүү:
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунун үч тургунунан дагы коронавирус табылганын айтты. Алар умрага барып келгендер.
Чолпонбаев Сузак районунда дагы коронавирус табылганда облус жетекчилиги ал аймакка өзгөчө кырдаал киргизип, карантин жарыяланганын айтып, ушундай эле кадамдар Ноокат районунда дагы жасалышы ыктымалдыгын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/nookat-rajonuna-dagy-zgch-kyrdaal-kirgizilip-karantin-zharyyalanyshy-yktymal
Добавить комментарий ×