Бөйрөк оорусуна чалдыккан 174 бейтапты мамлекет каржылайт
Кыргызстанда 5- баскычтагы өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыгып, буга чейин өз эсебинен дарыланып келген 174 бейтап мамлекеттик бюждет тарабынан каржыланат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул каржылоого өкмөт 75 миллион сом бөлгөн.
«Бейтаптар январдан баштап тизмекке турушкан. Алар жарым жыл бою диализди өз эсептеринен алышты. 13-июнда Саламааттыкты сактоо министрлигинде бейтаптарды бюджеттик каржылоого которуу боюнча тандоо комиссиясы болду, 15-июндан тартып алар мамлекттин эсебинен диализ ала башташат», — деп айтылат маалыматта.
Республика боюнча 1 691 адам бюджетик каржылоодо, алардын ичинен 1 408ин Федералдык Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду диализ менен камсыздайт. Ал эми 283 бейтап мамлекеттик жеке өнөктөштүк багыты боюнча «Фрезениус Медикал Кеа» гемодиализдик борбору тарабынан каржыланып келет.
Ссылка: https://barometr.kg/nkt-bjrk-oorusuna-chaldykkan174-bejtapty-mamleket-karzhylajt
Добавить комментарий ×