Кызматкерлердин 10-11 миңи кыскарат, бюджеттен 2 млрд сомдой акча үнөмдөлөт
Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев президенттин «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» жарлыгы боюнча түшүндүрмө берди.Бул тууралуу КРнын президентинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, аталган жарлык мамлекеттик бийлик органдарынын структурасын оптималдаштыруу боюнча алып барылып жаткан иштин экинчи этабы болуп саналат.
«Эми мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу милдети турат. Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, акыркы 25 жыл аралыгында мамлекеттик кызматкерлердин саны көбөйүп келген. 1995-жылы 26 152 мамлекеттик кызматкер болсо, 2010-жылы алардын саны 30 743кө, 2020-жылы 34 860ка чейин көбөйгөн», - дейт Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары.
Ушуга байланыштуу мамлекеттик кызматкерлердин эмгек айлыгын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби ал бюджеттен абдан көп каражатты талап кылат. Аталган жарлыкка ылайык, үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө жумшалат.
«Эгерде мамлекеттик кызматкерлер 30 пайызга же 10-11 миңге чейин кыскартыла турган болсо, мамлекет 2 млрд сомдон ашык акча каражатын үнөмдөйт. Бирок бул үнөмдөө келерки жылда гана ишке ашырылат. Анткени Эмгек кодексине ылайык, үстүбүздөгү жылы кыскартылган кызматкерлерге 3 айлык эмгек акысын пособие катары төлөп беришибиз керек», - деп кошумчалады Адылбек Касымалиев.
Ссылка: https://barometr.kg/kyzmatkerlerdin-10-11-mii-kyskarat-byudzhetten-2-mlrd-somdoj-akcha-nmdlt
Добавить комментарий ×