Нике аферисти 19 аялды алдаган, учурда төртөө төрөп, дагы экөө кош бойлуу

3 апрель 2019 16:00 6663 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кытайда нике аферистинен 4 аял бир учурда төрөп, дагы экөө кош бойлуу экендиги аныкталды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кылмышкер жабырлануучулардын дээрлик бардыгы менен интернет аркылуу таанышкан. Болгондода ал кыздарды өзүн бай үй-булөнүн баласы экендигине ынандырган. Кыздардын ишенимине киргенден кийин нике аферсти аларды баш кошууга чакырып кийин акчасын же болбосо авто унаасын алып кетип калган.

Бул жигиттен жабыркагандардын саны 19 аялга жеткен.

Ал эми көз жарган жабырлануучулардын бири жигит бай үй-бүлөнүн баласы экендигин жана ата-энеси мамлекеттик кызматтарда иштээрин айтканын бирок баласы төрөлгөндөн кийин аялдын авто унаасын, акчаларын алып качып кеткендигин билдирген.

Нике аферисти дагы бир жабырлануучу менен таанышканда аспирантурада окуйм деп айткан. Кызга жасалма бриллиант таштуу шакек белеке берип никелешкенден кийин 2 500 000 миллионго жакын акчаны карызга алып качып кеткен.

Кылмышкер Чжэнчжоу шаарында кармалды.

Ссылка: https://barometr.kg/nike-aferisti-bir-uchurda-19-ayaldy-aldagan-uchurda-trt-trp-dagy-ek-kosh-bojluu



Добавить комментарий