Нигериялык музыкант Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган ыры үчүн өлүм жазасына тартылат

1 октябрь 2020 11:03 2021 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нигерияда 22 жаштагы музыкант Яхай Шариф-Амина WhatsApp мессенджериндеги топтук маекке Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган ырын жибергендиги үчүн өлүм жазасына тартылат. Бул тууралуу Daily Mirror агенттиги жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Белгилүү болгондой, ырдын текстинде Ислам дининин акыркы пайгамбары Мухаммедди оозго алгыс сөздөр менен эскерген.

Сотто ал адам күнөөсүн мойнуна алды, бирок кийинчерээк ал ката кетирип алганын эскерди. Натыйжада, Нигериянын күч органдары музыкантты асып өлтүрүү боюнча  чечим чыгарышты.

Укук коргоочулар айыпталуучунун тарабына өтүп, WhatsApp билдирүүсүндөгү ырга чыгарылган өкүмдү өтө катаал деп аташты. Бирок, аталган аймактын губернотору Абдуллахи Умар Гандуже апелляция мөөнөтү бүтөөрү менен кечиримсиз өлүм жазасына тартуу тууралуу кол коёрун билдирди.

Белгилей кетсек, Нигериянын калкынын 50% - мусулмандар, 40% - христиандар, 10% -

жергиликтүү салттуу динди карманышат.

Ссылка: https://barometr.kg/nigeriyalyk-muzykant-muhammed-pajgambardy-shyldydagan-yry-chn-lm-zhazasyna-tartylat



Добавить комментарий