Нидерланд полициясы пайгамбардын сүрөтүн тартууга каршы болгон Пакистандык 26 жаштагы тургунду камакка алды
Нидерланд полициясы пайгамбардын сүрөтүн тартууга каршы болгон Пакистандык 26 жаштагы тургунду камакка алды. Бул туурасында батыш басылмалары жазып жатат. Маалыматка ылайык, Голландиялык саясатчы жана лидер Герт Вилдерс пайгамбар Мухаммад (сав)дын сүрөтүн тартуу үчүн конкурс уюштурган. Буга Голландиядагы Пакистандык тургун Facebook баракчасы аркылуу Герт Вилдерске каршы чабуул кылаарын интернетке чыгарган. Маалымат дүйшөмбү күнү кечинде чыкса, шейшеби күнү эртең менен 26 жаштагы маалымат тараткан Пакистандык жаранды Гааг автобекетинен кармашты. Ал эми саясатчы Герт Вилдерс өзүнүн Twitter баракчасына ага карата террорчулук чабуул болоорун, өмүрүнө коркунуч болуп жаткандыгы тууралуу маалыматы бар экендигин жазган.
Эске салсак, Герт Вилдерс июнь айларында пайгамбардын сүрөтүн тарткан конкурс жарыяланары тууралуу билдирген. Буга мусулман өлкөлөрү, анын ичинде Пакистан бийлиги сын-пикирлерди айтышкан. Буга Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте "башка диндерди сыйлабастыкка" жатаарын белгилеп, мамлекеттин буга тиешеси жок экендигин айткан.
Ал эми, крикет оюнун мурдагы оюнчусу Халид Латиф Пакистандагы Daily Pakistan басылмасына пайгамбардын сүрөтүн тартууну уюштурган нидерланддык саясатчынын башы үчүн 3 миллион рупий(24 миң доллардын тегереги болот) төлөп берээрин жарыялаган.
Добавить комментарий ×