Өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге коронавирус менен күрөшүү үчүн 2,5 триллион доллар бөлүү сунушталды

31 март 2020 14:12 1064 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бириккен Улуттаар уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын экономисти Ричард Козул-райт уюмдун мүчөлөрүн өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге коронавирус менен күрөшүү үчүн 2,5 триллион доллар бөлүүгө чакырды.

Ал БУУ тез арада өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин экономикасын жолго салуу жана башка социалдык маселелерди эң башкысы оорунун алдын алып, анын жайылышына жол бербөө үчүн чукул аракеттерди көрүшү керектигин эскертти.

Учурда дүйнө жүзү боюнча коронавирустан 37 миң киши каза болуп, 771 миңден ашык кишиге вирус жукту.

Дүйнөнү каптаган пандемиядан улам көптөгөн мамлекеттер чек араларын жооп, бир катар өндүрүш ишканалары ишин токтотту.

Ссылка: https://barometr.kg/ngp-kele-zhatkan-mamleketterge-koronavirus-menen-krsh-chn-25-trillion-dollar-bl-sunushtaldy



Добавить комментарий