Нептунга учурулган аппарат ага 12 жылдан кийин жетет

29 сентябрь 2021 17:21 1029 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Американын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) Күн системасындагы эң алыскы планета болгон Нептунга изилдөөчү аппаратты учурууга даярданып жатышканын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Космосттук агенттик жарыялаган документке ылайык, Neptune Odyssey миссиясына 3,4 миллиард доллар керектелет.Миссия 2031-жылы учурулат. Аппарат аталган планетага 12 жылда же тактап айканда 2043-жылы жетери болжолдонууда.

Долбоорго ылайык аппарат Нептунга жана анын жандоочу болгон Тритонго байкоо жүргүзөт. Аталган миссия күн системасын изилдөө боюнча буга чейин ишке ашып келген долбоорлрдун эң кымбаты болуп калмакчы.

  

Ссылка: https://barometr.kg/neptunga-uchurulgan-apparat-aga-12-zhyldan-kijin-zhetet



Добавить комментарий