Неля: "Сиздердин жылуу сөздөрүңүздөр, тилегиңер Аселге күч-кубат, дем берет"

6 август 2020 13:13 2396 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Неля Нуркулова Асель Кадырбекованын абалы жакшы экенин айтты. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Өкүл кызыбыз Асель Алланын ырайымы, мээрими менен элдин дубасы менен буйруса жакшы. Жаратканыма чексиз шүгүр.  Өмүрү үчүн, ден соолугу үчүн. Күнү-түнү алакан жайып дуба кылганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Убакыт дарылап буйруса бардыгы ордуна келет. Жакшы сөз, жан эргитет. Сиздердин жылуу сөздөрүңүздөр, тилегиңер Аселге күч-кубат, дем берет. Кудай буйруса, бардыгы жакшы болот. Баарыбыз кырсыктан тыш бололу”, - деп жазган ырчы айым.

Белгилей кетсек, жылдыздуу түгөйлөр Асель Кадырбекова жана Нурлан Насиптин өкүл ата жана өкүл апасы ырчылар Неля Нуркулова жана Урмат Үсөнов.

Ссылка: https://barometr.kg/nelya-sizderdin-zhyluu-szdrzdr-tilegier-aselge-kch-kubat-dem-beret



Добавить комментарий