Өндүрүш Токтонасыров: "ИИМ кызматкерлери үйүмө келип бүгүн акцияга чыкпайсызбы деп кетишти"

28 март 2019 12:38 1342 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров үйүнө ИИМдин өкүлдөрү барып кеткенин фейсбуктагы баракчасынан билдирди. 

Токтонасыров постуна:

«Путин аэропортко келген маалда, саат 7:30да уктап жатсам үйгө ИИМдин 10 башкармалыгынан эки жигит келиптир.Байке учурашалы деп эле келип калдык. Бүгүн акцияга чыгасызбы? Билип коёлу дегенбиз дешет. Таң калдым, булар эмне акцияга чыгып жүргөндөрдөн алдын-ала кабар алып турушабы? Же мен коркунуч туудура турган кылмышкер болбосом. Кайсы маалда чыгам, кандай максатты көздөй жеке ишим да. Конституциялык укугумдан пайдаланып, өз оюмду эркин айтууга болот да. Баскан-турганымдан өйдө минтип сарасеп салып турушса болбос. Мындай жат көрүнүш демократиялык өлкөгө кедергисин тийгизет. Баса,жанагы таң эрте эрикпей мага учурашканы келген эки мырзанын мингендери "Тойота Камри" номуру 387 экен. Телефон номурумду сурашат, мындай эле тааныш болуп жүрөлү деп жылуу-жумшак коштошуп кала бердим. Каап,шашпай селфилешип койсом болмок экен деп ойлоп калдым”, -деп тамаша аралаштыра жазып чыкты.

Көпчүлүкө белгилүү болгондой Өндүрүш Токтонасыров коомдо болуп жаткан орчундуу маселелердин негизинде ар түрдүү акцияларды уюштуруп келет. Укук коргоочу буга чейин В.Путиндин келээрине даярданып жаткандарды да сынга алган эле.

Бүгүн, 28-мартта Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди

Ссылка: https://barometr.kg/ndrsh-toktonasyrov-putin-kelgen-maalda-iim-kyzmatkerleri-kelip-bgn-akciyaga-chykpajsyzby-dep-ketishti-kajsy-maalda-kandaj-maksatta-chygam-al-zheke-ishim-da



Добавить комментарий