Назира Айтбекова: Ичим "тыз" дей баштаганда дароо контролго алам

30 май 2018 22:30 8033 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова социалдык баракчага өзүнүн кызыктуу посттун бөлүштү.

“Адам наалып, жамандык издеп, шүгүр эткендин ордуна ыйлаган сайын Жараткан оозунан чыккан сөзүн бере берет экен. Жашооңор "шакмарга" айланышын кааласаңыз, шакмарды эле айта бергиле. Гүлгө айлануусун кааласаңыз, гүлдөрдү көрүңүз. Мурун "Мени көрө албайт", "эки жүздүүлөр жакпайт" деген сөздөрдү көп айтчумун. Айткан сайын ошол нерселер, ошондой адамдар көп кездешчү болду. Кийин муну байкап калып, балким алар менин күзгүм сыңары мага чагылып жаткандыр. Өзүм ошондой болсомчу деп шекший баштадым. Бирөөнүн ийгилигин көргөндө пенделик кылып, ичим "тыз" дей баштаганда дароо контролго алчу болдум. Өзүмдү кыйнап кубаттаганды, бирөөнүн ийгилиги үчүн кубанганды үйрөндүм. Өзүмдү түздөп, тарбиялап, адамдын жамандыгын издебей, жаман жагы менен кошо сүйүп, катылуу жаткан жакшы жагын издедим. Өлө жек көрүп, аллергия кармаган адамдарым жакшы адамдар болуп чыга келди. Жакшы көрө баштадым. Терс сапаттагы адамдар жашоомдон четтеп, көңүлү тазалар көбүрөөк жолуга баштады. Сен өзүң таза болсоң, оюң - көңүлүң таза болсо, бирөөгө арамдыкты жалгаштыра албайсың анткени. Жакшыны сүйлөп, жакшыны издеп, жакшыны эле көрө бергилечи! Аа кокуй, дүйнө жакшы эле турбайбы көрсө дейсиңер! Шимшилеп бок издеп, сасык жытка чуркап жүрсөңөр, баскан аягыңар бок болот. Гүл издегиле, жолдоштор! Гүл издегиле!”,-деп жазды Айтбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-ichim-tyz-dej-bashtaganda-daroo-kontrolgo-alam



Добавить комментарий