Назира Айтбекова: "Эртеңим эмне болоорун ким билсин?! Бирок таарынычым тарады"

25 март 2019 13:38 5808 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Журналист, алып баруучу Назира Айтбекова энеси эртерээк турмушка чык деп жатканын айтып чыкты. Айтбекова бул тууралуу өзүнүн фейсбуктагы баракчасына ой толгоолорун жазды.

“Ай кыз, жаш кезиңде эрге тийип, төрөп ал. Куурап каласың жалгыз. Карыганда эр түгүл ит карабайт, - дейт энем. Кайталайт улам. Кулагыма сиңсин дейт. Кайран энем чүкөдөй кемпир болуптурсуз. Толуп, болуп турган кезде эркектин да, аялдын да жумушун жасаган кайраттуу жан элең, эне. Жаның жер тартып, улам уйкуга жөнөйсүң. Ойгонгондо да мага санаа тартып жатканыңды айтасың да, жанагы сөзүңдү миң кайталайсың. Күлүп кутулам. Эртеңим эмне болоорун ким билсин?! Бирок таарынычым тарады. Жарам бүттү. Жайдары карап калдым жашоого. Чөгүп бара жатканда жандалбастап, чабак урасың го. Мен дагы ошенттим. Чөккүм келген жок. Жашагым келди, эне. Суу менен достоштум. Денеңди бош кое берсең, жашоодогу ар кыл көрүнүштү кабыл алып, сиңирип, кое берчүсүн кое берип, кечиргенди билсең, бут андан ары шилтенип кете берет экен, эне. Азыр чабак урам деп чамгарактап жатып колдорум чарчады көрүнөт. Жөн эле денемди бош кое берип жашоонун деңизинде каалгып жатам. Каякка сүйрөсө мейли дедим. Көпкөк асманды, күндү тиктейм. Каякка, кайсы агымга алып барат, кайсы багытты көздөйм билбейм. Жөн эле багынып, талпынбай, таалайыма ыраазы болуп, тагдырыма ырахмат айтып, каалгыган бойдон баратам...” деп жазды постуна.

Албетте муну менен Айтбекова жашоого болгон куштарлыгын жана сүйүүсүн билдиргиси келгени көрүнүп турат.

Көпчүлүк бир сөздөр блогер айымды колдоого алып "баары жакшы" болот деп ишендиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-erteim-emne-boloorun-kim-bilsin-birok-taarynychym-tarady



Добавить комментарий