Назира Айтбекова: “Эрге тий, төрө дейт. Бул жылы товар өтчүдөй болуп калды”

29 март 2019 16:34 6408 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Назира Айтбеков фейсбуктагы жеке баракчасына ак жоолук салынып, көз айнек тагынган таенеси менен бирге түшкөн сүрөтүн жүктөп төмөндөгүдөй пост жазды:

“Бу байбичени ак мамыкка ороп алдейлесек да артын карабай айылына качып баратат. Балдарын сагындым дейт. Эне батаңды бер десем эле “Эрге тий, төрө” дейт. Бул жылы товар өтчүдөй болуп калды” –деп жарыялады.

Анын бул жазгандарын окуган интернет колдонуучулар “Назира жакын арада турмушка чыгат окшойт” деген пикирге келишти. Айрымдары “Назира кыз отурган кыз ордун табат деген сөз бар”, “Эч ойлонбо”, “Көздүү шакек жерде калбайт”, “Эң башкысы ден соолук бол” –деген каалоо-тилек камтылган пикирлерин калтырышууда.

Вarometr.kg сайты Назира Айтбекова менен байланышканда бул таенеси экенин айылына узатканын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-erge-tij-tr-dejt-bul-zhyly-tovar-tchdj-bolup-kaldy



Добавить комментарий