Назира Айтбекова: Бир чоңдун сунушун четке кага коём деп баарынан куру калдым

25 ноябрь 2020 17:37 12243 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Актриса, алып баруучу Назира Айтбекова жок дегенде "Маданияттын мыкты кызматкери" деген наам берип койбогон маданият министрине нааразы. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Эмгек сиңирген артистер менен жанаша түштүм сүрөткө! Балким, жугуштуу болуп калабы? Ай, жок дегенде "Маданияттын мыкты кызматкери" деген кагаз берип койсо кана?  

Илгери бир байке "Чоң үй снимать кылып, массаж жасашалы. Анан мамлекеттик концерттердин баары сеники болот” десе, алакандай жерди аяп коём деп концерттин баарынан кур калгам.

Анан мамлекеттик концерттерди алып барбасаң, чоңдордун тоюнда болбосоң, сыйлык берилбейт экен бизде. Алакандай жер биздин өлкөдө далай "масаланы" чечет. Үстүңдө үйүң, астыңда унааң дегендей. Бирок, ошол алакандай жерде аялдын болгон намысы, абдыракаты жатат. Аны чачсаң, жип сөккөндөй баары кетет. Кайра ойлонуп кеттим. Антип соодалашып, абийириңди берип анан сыйлык жана башка нерселерди албай эле коёюн деп.  

Ушул эжелерим өмүрүнүн жарымын чыгармачылыкка арнап, араң жеткен сыйлыка. Мен дагы ушул эжелеримдей болуп далай эмгегим сиңгенде келеттир өзү эле! Таланттуулар көп, бирок баалай элекпиз көбүн”, - деп жазды Айтбекова.


Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-bir-chodun-sunushun-chetke-kaga-koyom-dep-baarynan-kuru-kaldym



Добавить комментарий