Насыясы бар ишканаларга жеңилдик кароо керектигин эл өкүлү көтөрдү

14 май 2020 10:17 1170 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов өзгөчө кырдаал учурунда өкмөттүн чечими менен иши токтогон ишканаларга насыясын төлөөдө жардам берүү керектигин көтөрдү.

14-майда Жогорку Кеңеш жалпы жыйында ар кандай маселелерди карап жатат.

“Өзгөчө кырдаал киргизип, бүт ишканаларды токтоттук. Иши токтогон ишканалардын насыясы боюнча айткым келип турат. Банктар үч айлык каникул бергени менен үч айдагылардын бардыгынын пайыздарын эсептеп дароо төлөйсүңөр деген талапты коюп жатат. ӨК менен ӨА киргизилип жумуштары чечим менен токтотулган ишканалардын алган кредитинин пайыздарын каникул эмес токтотуу боюнча чечим керек”, — деди ал.

Депутат алган алган насыяны албетте төлөш керектигин, бирок ошол үч айдагы пайыз төлөнбөсүн деген чечимди карап берүү керектигин белгилеп, тармактык комитетте бул маселе көтөрүлгөнүн кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/nasyyasy-bar-ishkanalarga-zheildik-karoo-kerektigin-el-kl-ktrd



Добавить комментарий