Нарынга жаңы мэрди шайлоо 22-октябрга белгиленди

6 октябрь 2021 13:07 1113 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарында жаңы мэрди 22-октябрда шайлашат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Буга чейин мурдагы калаа мэри Самарбек Болотбеков берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Мэрди Нарын шаардык кеңешинин депутаттары шайлайт. Шаардык аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамга ылайык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын негизинде өткөрүү тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, мурдагы калаа мэри Самарбек Болотбековду 18-сентябрда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү деп кармашкан жана ал эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде камактан бошотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/narynga-zhay-merdi-shajloo-22-oktyabrga-belgilendi



Добавить комментарий