Самарбек Болотбеков сыртка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулду

21 сентября 2021 14:27 1457 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков сыртка чыкпоо тил катына ылайык бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Райондук соттун 20-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Болотбековго карата сотко чейинки өндүрүш аяктаганга чейин эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Эскерте кетсек,  Болотбеков шайлоодогу коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгү менен, башкача айтканда алдамчылык беренеси менен айыпталууда.

Чечимди чыгарып жатканда сот анын мурда сот жоопкерчилигине тартылбаганын, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналарын, багуусунда жашы жете элек төрт баласы бар экенин да эске алды.

Ссылка: https://barometr.kg/samarbek-bolotbekov-syrtka-chykpoo-boyuncha-til-kattyn-negizinde-boshotuldu



Добавить комментарий