Депутат Алмазбек Акматов Нарындагы дарыгерлер менен аз камсыз болгондорго жардам берди
Нарын районундагы медициналык мекемелерге, санитардык-карантиндик постторго жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов тарабынан 700 миң сомдук гуманитардык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Алсак райондогу Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 2 кир жуугуч машина, айылдардагы ФАПтарга жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна 200 килограмм хлор, 330 литр антисептик, 12 миң беткап, 9300 даана медициналык колкап, 350 даана атайын коргонуучу кийим-кече жана 19 даана көз айнек берилди.
Мындан сырткары райондун аймагындагы санитардык-карантиндик посттор жана «Өмүр шамы» коомдук бирикмесинин каттоосунда турган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да жугушсуздандыруучу каражаттар менен камсыздалды.
Ссылка: https://barometr.kg/narynga-deputat-almazbek-akmatov-gumanitarlyk-zhardam-krgzd
Добавить комментарий ×