Нарында жол кырсыгынан 60 жаштагы аял каза болду

29 август 2018 18:10 1183 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда жол кырсыгы катталып, анда 60 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. 

Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен каза болгон аялдын эки небереси жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Ат-Башы айылынын 35 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну Ауди А6 үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон өтүп бараткан аялды жана анын эки небересин сүзүп алган. Кесепетинен окуя болгон жерде 60 жаштагы Б.С. аттуу аял каза болуп, анын жанындагы 7 жаштагы небереси Н.А.нын буту сынып, 8 айлык А.Н. аттуу наристе жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.


Ссылка: https://barometr.kg/narynda-zhol-kyrsygynan-60-zhashtagy-ayal-kaza-boldu



Добавить комментарий