Нарында коронавирус жуктурган алгачкы киши катталды

29 март 2020 12:26 4823 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын облусунда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бир суткада өлкө боюнча 26 жаңы учур аныкталган. Аймактарга бөлүп караганда жаңы учур катталгандардын саны мындайча: Жалал-Абад облусунда 13, Ош облусунда 6, Чүй облусунда 2, Бишкек шаарында 4 жана Нарын шаарында 1 учур катталды.

Ошентип Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 84 кишиге жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/narynda-koronavirus-zhukturgan-algachky-kishi-kattaldy



Добавить комментарий