Нарында асыл тукум сарала уйлар тоодон кулап, кырылууда
Россиядан алынып келген асыл тукум уйлар Кыргызстандын жайлоосуна адаптация боло албай өлүп калып жатат. Бул тууралуу Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Санат Сапарбеков “Барометрге” билдирди.
"Буга фермерлер жакшылап көңүл бурбаса, зыян татып калуу коркунучу бар", - деди ал.
Маалыматка ылайык, бул окуя Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Келин-Таш жайлоосунда 28-майда болгон. Россиядан алынып келген ментал породасындагы 4 баш мал 27-майда гана жайлоого чыгарылган. Ага чейин, алар кыштан бери сарайда гана багылган.
“Биздин жер мал чарбасына багытталгандыгына байланыштуу мал чарбасын өнүктүрүүгө, сыртан асыл тукумдуу мал алып келип багуу жакшы, бирок урматтуу мал ээлери сыртан келген малдарды биздин жерге, климатка адаптация алгыча жакшылап карап көндүрүп албасак зыянтартып калуу коркунучтары бар”, - деп айтты Санат мырза.
Эске сала кетсек, учурда асыл тукум малдардын эмнеден өлгөндүгү такталып жатат.
Асыл тукум уйлардын бирөө 200 000 сом турат. Көпчүлүк фермерлер аларды кредитке алышат.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-asyl-tukum-maldar-zhajloogo-adaptaciya-bolo-albaj-lp-kalyp-zhatat
Добавить комментарий ×