Нарын облусуна Бишкектен медкызматкерлер жөнөп кетти

14 май 2020 14:39 1914 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын облусунда түзүлгөн коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкектен медициналык адистердин эсеп боюнча тогузунчу тобу жөнөп кетти. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Ыктыярчы дарыгерлер тобуна үч акушер-гинеколог жана реаниматолог кирген. Алар 10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтөт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук бириккен ооруканасына, ал эми реаниматолог менен операция жасоочу дарыгер, акушер-гинеколог Нарын облусундагы Ат-Башы районуна жөнөтүлгөн.

"Ар бир медкызматкер керектүү жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалды. Иш сапарга байланышкан бардык чыгымдар, ошондой эле негизги иштеген жери боюнча эмгек акысын сактоо менен кошумча төлөмдөр мыйзамга ылайык, ошондой эле эпидемиологиялык фонддон каржыланат", - депайтылат маалыматта.

Эске салсак Нарын облусунда 14-майга карата 152 кишиден коронавирус аныкталган. Ал эми бир суткада 15 кишиден илдет табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/naryn-oblusuna-bishkekten-medkyzmatkerler-zhnp-ketti



Добавить комментарий