Нарматов: «Элибиз Чубак устаздан айрылган жок, дин илиминен айрылды»

11 июль 2020 13:43 1429 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Илим жөндөн-жөн жоголбойт, аалымдардын кетүүсү менен жоголот", - дейт Аалымдар кеңешинин мүчөсү . Бул тууралуу Абдишүкүр Нарматовдун социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.

Чубак ажынын сөөгү бүгүн кичи мекени болгон Базар-Коргон районуна коюлат.

«Бүгүн элибиз Чубак устаздан айрылган жок, дин илиминен айрылды, диндин туусун көтөргөн мураскордон, пайгамбардын мураскорунан айрылды», - деди Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр Нарматов.

«Кылымда бир жаралган аалымыбыздын барар жери бейиш болсун. Устазыбыздын жайдары жүзү, уккан жанды бир жылмаюуга аргасыз кылган куйкум сөздөрү, жүрөк түпкүрүнө барып жайгашкан орундуу сабактары ар дайым элесибизде сакталат. Кайрат кыл, кыргыз элим, жамандыктын арты ушул болсун», - деп кошумчалады Нарматов.

Эскерте кетсек, белгилүү диний аалым Чубак ажы Жалилов 10-июлдан 11-июлга караган түнү Улуттук госпиталда жан берди. Дарыгерлердин айтымы боюнча ал пневмонияга кабылып, ооруканага ошол күнү кайрылган.

Ссылка: https://barometr.kg/narmatov-elibiz-chubak-ustazdan-ajrylgan-zhok-din-iliminen-ajryldy



Добавить комментарий