Наристеге кайнак суу менен клизма жасаган медайымдын иши каралууда

3 апрель 2019 12:53 6933 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Шымкент шаарында он айлык балага ысык суу менен клизма жасап өлтүрүп кое жаздаган медайымды иштен бошотуу маселесин карап жатышат. Ал 60 градус температурадагы ысык сууну балага куйгандан кийин наристе реанимацияга түшүп калган. Бул тууралуу КТК маалымдады.

Үрөй учурган окуя аталган шаардагы инфекциялык оорулар ооруканасында болгон. Наристеге вирустук инфекция жугуп бейтапканга жаткырылган. Айыгып келе жатканда медайымдын айынан реанимацияга жаткырылды.

Оорукананын башкы дарыгери Амангельды Нурлыбаев он жылдык иш тажырыйбасы бар медайымдын бул эмне кылган аракети экенин аңдап түшүнө албай жатканын айтты.

 “Баланын жамбашы кайнак сууга күйүп калган, ички органдары жабыркаган эмес”,-деп билдирди дарыгер.

 Учурда бул окуяны текшерүү башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/naristege-kajnak-suu-menen-klizma-zhasagan-medajymdyn-ishi-karaluuda



Добавить комментарий