Нариман Тюлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды
Бөлүшүү:
Шаардык муниципалитетте кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп калаанын мурдагы мэри Нариман Тюлеев дайындалды. Эскерте кетсек, бул кызматты Алмаз Бакетаев ээлеп келген, эми ал турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэрдин кызматын аркалайт. Ал эми Алимбек Абдылдаев шаар мэринин кеңешчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.
Ссылка: https://barometr.kg/nariman-tyuleev-bishkek-shaarynyn-birinchi-vice-meri-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×