Нариман Тюлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды

20 октября 2020 10:58 2176 Barometr
Поделиться в:
ok

Шаардык муниципалитетте кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп калаанын мурдагы мэри Нариман Тюлеев дайындалды. Эскерте кетсек, бул кызматты Алмаз Бакетаев ээлеп келген, эми ал турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэрдин кызматын аркалайт. Ал эми Алимбек Абдылдаев шаар мэринин кеңешчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Ссылка: https://barometr.kg/nariman-tyuleev-bishkek-shaarynyn-birinchi-vice-meri-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий