Нариман Түлеев жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүктөн жардам берди

21 апрель 2020 12:38 4993 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев Бишкек менен Нарын шаарынын муниципалитеттерине азык-түлүктү жардамга муктаждарга таратуу үчүн берди.  Түлеевдин балдары берилген жардамдын сүрөт-видеолорун социалдык тармактарга жарыялады. Анда Нарын мэриясына 1000 баштык жардам берилсе, Бишкек мэриясына 1000 баштык азык-түлүк берилген.

Берилген жардамды мэрия муктаж үй-бүлөлөргө таратат.

Буга чейин Түлееев медициналык кызматкерлердин фондуна борбор калаанын чок ортосунан бир бөлөмөлүү батир берип, курулуш компанияларынын арасында челлендж жарыялаган.

Коронавирус менен күрөшүүдө түзүлгөн кырдаалдан, экономикалык көрсөткүчтөр менен бизнестин түшүшүнөн көптөгөн үй-бүлөлөр жапа чегишти. Ал эми медициналык кызматкерлер кооптуу топтогуларга кирди, себеби алар бейтаптарды айыктыруу менен алектенип жатып, өздөрү дагы илдетке чалдыгууда. Учурда алардын саны 147ге жетти.

“Бактыга жараша четте карап турбай жардам кылган кишилер бар. Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мурдагы мэри калк арасында дагы деле сый-урматка татыктуу. Ал өзүнүн мисалында медициналык кызматкерлердин фондуна бир бөлмөлүү, бардык ремонту жасалган батирди берек кылып, курулуш компаниялар арасында челлендж баштады”, — деп жазды интернет колдонуучулардын бири.

Бүгүнкү күнү анын жолун жолдогон бир дагы компания азыр чыга элек. Ошентсе да медициналык кызматкерлерге бериле турчу бир батир бар.

Ссылка: https://barometr.kg/nariman-tleev-zhardamga-muktazh-j-bllrg-azyk-tlktn-zhardam-berdi



Добавить комментарий