Найман суу сактагычына чөгүп кеткен 18 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды
Бөлүшүү:
Найман суу сактагычына чөгүп кеткен 18 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, кечээ саат 15:30 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы Найман суу сактагычына 2000-жылы туулган С. Б. чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ноокат райондук №104 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 7 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн.
Добавить комментарий ×