Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда кар көчкү түшүп, унаалар өтө албай калды
Эки күндөн берки жааган кардан улам бүгүн 13-ноябрь күнү Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун Тамчы тилкесине кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, кар көчкүнүн көлөмү 6000 миң кубдай болот. Көчкү түшкөн аймакта жол тыгыны пайда болуп, унаалар өтө албай туруп калган. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, кар көчкүдөн жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.
КР ӨКМнин Кара-Кулжа райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы, №26 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 1 манипулятор тартылып, учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/myrzake-kara-kulzha-alajkuu-unaa-zholunda-kar-kchk-tshp-unaalar-t-albaj-kaldy
Добавить комментарий ×