Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна болжол менен 20000 м3 кар көчкү түштү, унаа жолу убактылуу жабылды
Бөлүшүү:
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2018-жылдын 20-декабры күнү саат 09:30 чамасында алдын ала маалымат боюнча, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 78-86-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) ар жерден кар көчкү түшкөн, жалпы көлөмү болжол менен 20000 м3. Унаа жолду тазалоого №26 ЖТИден 1 бульдозер жана 2 жүктөгүч тартылган.
Аталган унаа жол Кара-Кулжа РМАнын башчысы-акимдин буйругунун негизинде, 19-декабрь күнү саат 17:00дөн тартып аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабылды.
Учурда тазалоо иштери жүрүүдө.
Добавить комментарий ×