Мушкер Конор Макгрегор оор илдетке чалдыккан балага 10 миң евро акча которду

29 сентябрь 2018 16:20 793 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Өзүнүн өзгөчө стили менен таанымал болгон Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор кайрымдуулук кылып сепсис (кандагы инфекция) дартына чалдыккан 5 жаштагы Ирландиялык балага 10 миң евро акча которду.

Чет элдик басылмалар жазышкандай, баланын атасы Грэнни Маккалоу 5 жаштагы баласы Брайан оор дартка чалдыкканын айтып, аны дарылатуу үчүн болгон каражатын топтогон. Бирок бул жетишсиз болуп кайрымдуулук фондго кайрылган. Көп өтпөй баласынын дарылануусуна жардам берүүгө 10 миң евро акча которулганын билип, муну кайсы боорукер адам которгонуна кызыккан. Ал эми бул адам белгилүү мушкер Конор Макгрегор экендигин билген.

Бул кайрымдуулукка сүйүнгөн баланын атасы  Грэнни Маккалоу: «Конор биз сага түбөлүк ыраазыбыз, мен сенин бул жакшылыгыңды өмүр бою унутпайм, сен чыныгы легендасың” деп тивиттердеги баракчасына жазган.

Ссылка: https://barometr.kg/mushker-konor-makgregor-oor-ildetke-chaldykkan-balaga-10-mi-evro-akcha-kotordu



Добавить комментарий