Мушкер деп ким айтат. Шевченконун кыргыз көйнөк кийип көпчүлүктү суктанкан видеосу

23 июнь 2022 09:05 11076 Barometr
Бөлүшүү:
ok

UFCнин жети жолку чемпиону, Кыргызстандын сыймыктуу кызы Валентина Шевченконун кыргыз көйнөк кийип, кериле бийлегени көпчүлүктү суктандырды. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Шевченко соцтармактагы баракчасына кыргыз көйнөк кийип, ат үстүндө кериле чаап бара жаткан видеосун жүктөдү.
Видеонун алдыны "Кош келиңиз! Менин кооз Кыргызстаныма!", - деген билдирүү калтырган. 

Эске сала кетсек, Валентина Шевченко 15-июнь таңга жуук Кыргызстанга учуп келген.  Шевченко аэропорттон чемпиондук курун бийик көтөрүп, сыймык менен күйөрмандарына жолуккан. Аны Манас аэропортунан апасы, жакындары, күйөрмандары тосуп алышкан.

Шевченко менен бирге машыктыруучусу Павел Федотов, эжеси Антонина Шевченко дагы келген.





Ссылка: https://barometr.kg/mushker-dep-ech-kim-ajtpajt-kyrgyz-kjnk-kijip-stnd-kerilgen-shevchenkonun-kpchlkt-suktankan-videosu



Добавить комментарий