Мурдагы сот Жаркееванын иши боюнча сот отуруму 30-сентябрга жылдырылды

25 сентябрь 2020 18:30 731 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бир катар мыйзамсыз чечимдерди кабыл алган деген айып менен кармалган мурдагы сот Жаркееванын иши тууралуу сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө бир катар атайлап жасалган кылмыштарды жасоодо Э.С.Жаркеева, Р.Ы.Маманов, М.Г.Анарбаева, Э.Токтосадык кызы, Б.Д.Айталиева, Л.В.Рафикованы айыптоо боюнча жазык иши каралууда.
Айыпталуучу Э.Джаркееванын жактоочусу Н.Абдимоминовадан ден соолугуна байланыштуу соттук отурумду башка күнгө жылдыруу жөнүндө өтүнүч келип түшкөндүгүнө байланыштуу, бүгүнкү соттук отурум 30-сентябрга саат 10:00гө жылдырылды.

Ага тагылган айыптоодо, Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алганы айтылат. 

Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-sot-zharkeevanyn-ishi-boyuncha-sot-oturumu-30-sentyabrga-zhyldyryldy



Добавить комментарий