Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды

31 май 2021 17:29 1615 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 31-майда Кыргызстандын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Мурда УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан маалымдалгандай,  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Ички иштер министрлиги тарабынан, «Кумтор» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар туралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 31-майда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер министр Ө.Бабанов кармалды.

КР УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Өмүрбек Бабанов үстүбүздөгү жылдын март айында бюджетти колдоо боюнча депозиттик эсепке 100 млн сом которуп берген. Ошол эле учурда ага мурдагы бийликтердин тушунда козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-premer-ministr-mrbek-babanov-karmaldy



Добавить комментарий