Мураталиев: "Таласта коронавирс менен ооруган бейтаптардын саны азайды"

27 июль 2020 15:12 3537 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусу боюнча 21 ИВЛ аппараты, 323 кычкылтек концентраты бар. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

“Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча 21 ИВЛ аппараты, 323 кычкылтек концентраты бар. Күндүзгү стационарларда коронавирус илдети менен ооруган бейтаптардын саны азайып жатат. Дарыканаларда дары-дармектер улам келип түшүүдө, бул жаатта көйгөйлөр жок”, - деп билдирди өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев.

Анын айтымында облуста коронавирус менен күрөшүүдө болгон күч-аракеттер жумшалууда. Апрель айынан тартып медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы төлөөлөр өз убагында жүргүзүлүүдө. Ал эми талаа иштеринде эгиндерди ооруп-жыйноо иштери кызуу жүрүп жатканын кошумчалады.


Ссылка: https://barometr.kg/murataliev-talasta-oorugan-bejtaptardyn-sany-azajdy



Добавить комментарий