Мурат Суталиновдун жубайы Путинге кайрылды

28 март 2019 07:50 1304 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун жубайы Россиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдоду. Гульнара Суталинова Путинге жазган өзүнүн ачык катын социалдык тармактыгы баракчасына жарыялады.  

Кайрылууда төмөнкүдөй айтылган:

"Урматтуу Владимир Владимирович!

Менин жубайым Суталинов Мурат сиз сыяктуу эле офицер, өмүрүнүн көп бөлүгүн мекенине кызмат кылууга арнаган.

Балким сиз аны билет чыгарсыз жана сизге ал тууралуу маалымат берүүлөрү мүмкүн.

Аскер боордоштугунун мыйзамы боюнча офицердик эрежеге ылайык, ант берген жана мекенинин алдында өзүнүн милдетин өтөгөн адамды кыйын күнгө таштап кетпеш керек.

Бул Россияда болобу же Кыргызстанда болобу маанилүү деп ойлойм. Биз бардыгыбыз бир кезде бир өлкөдө жашачубуз жана бүгүнкү күндө да бири-бирибизден айырмаланабыз деп эсептебейм.    

Адамгерчиликти эч ким токтотуп койгон жок. Сиз жөн гана катуу ооруп жаткан офицерге карата  өз мамилеңизди билдирип кое аласыз.

Эгер биздин делегациядан Россия менен Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусунда Путинге менин сөздөрүмдү жеткирип коюшса сиздин адамгерчилигиңизге терең ыраазы болот элем”,-деп айтылат катта.

Эскерте кетсек, кечээ 27-мартта Путин Бишкекке мамлекеттик иш сапар менен келди.

15-февралда Ленин райондук соту УКМКнын экс-башчысы Мурат Суталиновду  мөөнөтүнөн  мурда бошотуудан баш тарткан эле.

Ссылка: https://barometr.kg/murat-sutalinovdun-zhubajy-putinge-kat-zhazdy



Добавить комментарий