"Мурас-Ордо" конушунда 13 жашар баланы мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти
Бишкек шаарындагы "Мурас-Ордо" конушунда 2008-жылы туулган баланы мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан “Барометрге” кабарлады.
Алдын ала маалыматка ылайык, 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси бүгүн, 17-мартта өз үйүндө табылган. Кандуу окуя, баланын ата-энеси жумушта жүргөн учурда саат 11:00дор чамасында болгон.
“Окуя болгон жерге, Биринчи Май РИИБнин тергөө-ыкчам тобу жана Бишкек ШИИБдин жетекчилиги барган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан зарыл болгон тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.
Бул кандуу окуянын чоо-жайы тууралуу Бишкек ШИИБ кошча маалымат берерин айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/muras-ordo-konushunda-13-zhashar-balany-ltrp-ketishti
Добавить комментарий ×