Муктаж үй-бүлөлөргө тамак-аш алуу үчүн 200 млн сом бөлүндү

16 апрель 2020 17:18 727 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 200 млн сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди.

Чечимге ылайык, Финансы министрлиги аталган каражатты бөлөт. 

"Бул чечим калктын социалдык жактан аярлуу категорияларын коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоо максатында кабыл алынды. Каржылоо «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттарынын алкагында  жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Аймактардагы тийиштүү гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жеке жоопкерчилик алат.

Кыргызстанда аз камсыз болгон канча үй-бүлө бар экенин билүү үчүн бул жактан окуңуз.

Ссылка: https://barometr.kg/muktazh-bolgon-j-bllrg-tamak-ash-azyktaryn-satyp-aluu-chn-200-mln-som-blnd



Добавить комментарий