Мухаммедкалый Абылгазиев ШКУ Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты
Кыргыз республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйынды ачкан Тажикстан республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода делегация башчыларын берекелүү тажик жерине келиши менен куттуктады.
Ал белгилегендей, ШКУ өлкөлөрү ШКУ мүчө-мамлекеттеринин жана туруктуу аракеттегиоргандарынын улантуучулук жана тыгыз өз ара аракеттешүү принциптерин карманышат.
«Биз белгиленген максаттарды жана мамлекет башчылар тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн тийиштүү күч-аракеттерди жумшайбыз. Мындай биргелешкен ишмердик уюмдун алкагында өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө жана келечектүү өнүктүрүүгө жана жаңы документтерди иштеп чыгуу менен кабыл алууда анын аймактардагы, эл аралык ролун жогорулатууга шарт түзөт», - деди ал.
Жыйындын жүрүшүндө тар чөйрөдө ШКУ алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Добавить комментарий ×