Москвадагы кыргыздар түлөө өткөрүштү (Сүрөт)
Муфтият тарабынан Москвада мал союлуп, түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
25-июлда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев баш болуп, Москва шаары жана Москва облусундагы жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда түлөө өткөрүлдү.
"Түлөөгө Кыргызстандын Россиядагы өкүлү Аликбек Жекшенкулов, миграция кызматынан Орусиядагы өкүлдөрү Бейшенов Майрамбек Доорбек Абдразаков, ИИМдин Орусиядагы өкүлдөрү Жанбаев Нурлан, ИИМдин КМШ өлкөлөрү боюнча өкүлү Аскат Алиев, Кыргыз Диаспорасынын аксакалдары, Москвада эмгектенген мекендештердин катышуусунда өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Түлөөгө бодо мал союлуп, анын эти кыргызстандыктарга таратылып берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/muftiyattyn-rossiyadagy-klchlgnn-demilgesi-menen-moskva-shaarynda-tl-tkrldsrt
Добавить комментарий ×