Муфтият депутат Мавлянованы колдоп чыкты

21 май 2019 18:03 9247 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери С Бахтияр Токтогазы уулу «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянованын келиндердин үлпөт тойдо өтө ачык үлпөт көйнөгүн кийүүсү тууралуу пикири боюнча barometr.kg сайтына өз пикирин билдирди.  

Белгилей кетсек, Мавлянова кыргыз келиндери ачык кийим кийүүдөн сактанышы керектигин соцтармактардын бирине жазган жана ал коомчулукта кызуу талкууга алынды. Анын мындай пикирин колдогондор да, колдобогондор да болду.

Муфтияттын өкүлү Мавлянова туура пикир айтты деген ойдо.

"Ар бир адам өз пикирин айтууга укуктуу. Депутат кыздарга тыюу сала тургандай мыйзам чыгарууга үндөгөн жок. Ал коомдо салт-санааны сактоону айтып, патриоттуулукка чакырды. Мен анын сөзүн колдойм»,-дейт ал. 

Бахтияр Токтогазы уулу ошондой эле коомдо кийинүү эркиндигине карабастан, ар кандай дресс-коддорду сактоо эрежелери бар экендигин, ага эч ким капа болбосун айтуу менен депутаттын сөзү исламдын позициясына туура келерин белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/muftiyat-deputat-mavlyanovany-koldop-chykty



Добавить комментарий