Муфтий Замир Ракиевдин апасы каза болду
Бөлүшүү:
Муфтий Замир Ракиевдин апасы каза болду. Бул тууралуу муфтияттын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, муфтийдин апасы узака созулган оорудан улам, 65 жашында каза болгон.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 16-июнда Кочкор районунун Шамшы айылында болот.
“Барометрдин” жалпы жамааты муфтий Замир Ракиевге жана жалпы жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Ссылка: https://barometr.kg/muftij-zamir-rakievdin-apasy-kaza-boldu
Добавить комментарий ×