Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды
Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Өмүрбек Суваналиев 1981-жылы СССР ИИМинин алдындагы Караганды облусундагы жогорку окуу жайды аяктаган. Талас ОИИБинде 1981-жылы опер-кызматкери катары эмгек жолун баштап, 1986-жылга чейин эмгектенген. 1986-1989 -жылдары Фрунзе шаарындагы Ленин РИИБинде башкы опер-кызматкери болуп иштеген.
1989-1990-жылдары Аламүдүн РИИБиндеги Социалисттик менчиктерге кол салууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;
1990-1991-жылдары Ысык-Көл ОИИБинин башчысынын орун басары, башчысы;
1991-1992-жылдары Ысык-Көл РИИБинин башчысы;
1994-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Салык полициясынын ыкчам-тергөө башкармалыгынын башчысы;
1995-1997-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;
1997-1998-жылдары Ош облустук Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы;
2003-2005-жылдары Нарын ОИИБинин башчысы;
2005-жылы Бишкек ШИИББинин башчысы, ошол эле жылы ички иштер министринин орун басары;
2006-2007-жылдары ички иштер министринин милдетин аткаруучу;
2008-2010-жылдары Нарын облусунун губернатору;
2011-жылы Ош ОИИБинин башчысы болуп дайындалган;
2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо президенттикке талапкерлигин койгон. Милициянын отставкадагы генерал-майору. Учурда 58 жашта.
Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-suvanaliev-koopsuzduk-keeshinin-katchysynyn-orun-basary-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×