Өмүрбек Бабанов Нооруз майрамы менен куттуктап, “Жакында көрүшкөнчө” деп жазды
Белгилүү саясатчы Өмүрбек Бабанов өзүнүн Facebook социалдык түйүндөгү баркчасына кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктаган пост калтырды.
“Урматтуу Кыргызстандыктар, Жаңылануу менен тынчтыктын символу болгон Нооруз майрамыбыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул биримдиктин жана өнүгүүнүн күнү десем да болот.
Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун, акыйкаттык менен өзгөрүүлөр коштосун! Ар бир үйгө бакыт консун! Майрамыбыз кут болсун! Жакында көрүшкөнчө”,-деп жазды Өмүрбек Бабанов.
Эскерте кетсек, 2017-жылы 15-октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоодон кийин “Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өлкөнү таштап кеткен болчу. Алдын ала маалыматтарга ылайык ал Россияда жүрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-babanov-nooruz-majramy-menen-kuttuktap-zhakynda-krshknch-dep-zhazdy
Добавить комментарий ×