Коронавирус менен күрөшкөн ыктыярчыларга "Даңк аллеясынан" жылдызча ташырылды (сүрөт)

28 сентябрь 2020 10:41 431 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус илдети күч алып турган учурда элге жардам берген ырчыларга, дарыгерлерге жана жарандык активисттерге сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу ырчы Бактыгүл Бадыеванын соцтармактагы баракчасына калтырган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кече, 27-сентябрда Бишкектеги соода борбордун алдындагы "Даңк аллеясында" ыктыярчыларга араналган жылдыздардын ачылыш аземи болду.

Белгилүү болгондой, волонтерлорго жана дарыгерлерге коронавирус инфекциясына каршы күрөштө көрсөткөн эмгеги жана эрдиги үчүн аталган соода борборунун алдына жылдызча тапшырылды. Иш-чарага Бактыгүл Бадыева, Алтынай Нарбаева, Мирбек Атабеков, Омар, Арсен жана башка көптөгөн жылдыздар, спортчулар, саясатчылар жана маданият ишмерлери катышты.

Эскерте кетсек, пандемияда, өзгөчө оору күчөгөн июль айында «Тез жардам» автоунааларынын жетишсиздигинен улам өлкөдө дарыгерлер бейтаптарга жетишпей кыйналганда ыктыярчылар 24 саат бою тез жардамдын кызматын аткарып, абалы оорлошкон бейтаптардын үйлөрүн кыдырып жүрүштү. Ооруканаларда орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды уюштуруп, бейтаптарды тейлеп жатышты.

Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-babanov-kptn-beri-birinchi-zholu-koomduk-ish-charada-el-aldyna-chykty



Добавить комментарий