Моюндун сулуулугу жана жаш көрүнүшү үчүн эмне кылуу керек?

23 апрель 2019 09:58 1875 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бет терисине аябай күтүм жасаган кыздар көп учурда моюндун назик териси тууралуу унутуп калат.Бул туура эмес анткени моюнга бырыштар эрте эле түшө баштайт. Ошондуктан ага кам көрүүнү эрте эле баштаган туура.

Жаш өткөн сайын аялдардын моюнуна кат-кат, шакече түрүндө бырыш түшөт.Муну “Венеранын шакеги” деп да коюшат. Моюндун сулуулугу менен жаштыгын сакташ үчүн күн сайын моюн терисине арналган крем сүртүүнү унутпаңыз. Алар текстурасы боюнча бетке арналган кремдерге караганда коюу келет. Дал ошондуктан терини нымдаштырып жана азыктандырат. Бул үчүн кечинде моюнду тазалап эртең менен аны сүрткөн жакшы.

Аптасына бир ирет моюндун терисин нымдаштыруучу маска жасоону косметологдор сунушташат.Косметологиядагы аппараттык процедуралары 26 жаштан баштап жасоо сунушталат.Улгайып бара жаткан териге гиолурон кычкылы менен инъекциолык биоревитализация жасаган пайдалуу.

Ссылка: https://barometr.kg/moyundun-suluulugu-zhana-zhash-krnsh-chn-emne-kyluu-kerek



Добавить комментарий